АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ – (1812–14). Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга жана АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-ж. 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-ж. сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-ж. 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган жана шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн америкалыктардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, америкалык аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-ж. 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими боюнча согушка чейинки абал калыбына келтирилген.