АНГЛЕЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛЕЗИТ [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], к о р г о ш у н к у п о р о с у – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 кг/м³. Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы).