АНГЛЕЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛЕЗИТ--[алгачкы жолу табылган Англси а-нын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Хим. формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу � Моос шкаласы б-ча 2,5-3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. С. салм. 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. А. – коргошундун негизги кенташы (рудасы)..