АНГКОР-ТХОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГКОР-ТХОМ (кхмерлердин “улуу шаары”) – кхмерлердин Камбуджадеша империясынын (12-кылымдан 1432-жылга чейин) борбору болгон. Ангкоранын аймагында Жайавармана VII королунун буйругу менен курулган. Айланасы 3 км, квадрат түрүндө салынган. Таш дубалдарынын төрт жагында 4 дарбаза (бийиктиги 8 мге жеткен) мунаралары менен курулган. Король жеңишке жеткенде 5-жеңиш дарбазасы салынган. Ал дубалдар айланта туурасы 100 м келген арык менен курчалган. Алар аркылуу 5 көпүрө-дамба тосмолору 54 гигант фигуралар (кудай жана шайтандар) салынган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Байон храмы жайгашкан. Королдун жыгач сарайы менен калың кооз террасалары сакталган. Шаардын бир бөлүгүн парк ээлейт. Шаардын чегинде Пхимеанакас (10-кылымдын орто чени), Бапхуон (11-кылымдын орто чени) храмдары сакталган. Ангор-Тхом Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.