АНГИОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГИОМА (гр. angeion – түтүкчө, кан тамыр, oma – шишик) – кан же лимфа тамырларынан өсүп чыккан зыянсыз шишик. Анын 2 түрү бар: жөнөкөй А.– теридеги же былжыр челдеги тубаса жалпак өсүндү; ал кан тамырлуу калдын негизин түзүп, көгүш түстө; көңдөйлүү А.– тери алдындагы клетчаткада же ички органдарда пайда болот. Айрым учурда андан кан көп кетет. Эгерде ал тез өссө хирургиялык жол, радиотерапия колдонулат.