АНГЕЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:02, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Византия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II

(1185–95). А. бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички ж-а тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. А-дин акыркы башкаруучуларынын Константинополь ш-нын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204–1318-ж. А. Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.