АНГАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГАР (фр. Hangar), учаккана – самолётту, вертолётту коюу, техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл жана рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо менен бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, техникалык тейлөө жумуштары жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот бетон констр-дан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий конструкциялардан) ангарлар курулат. Ангар жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба ж. б.), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар ж. б. менен камсыздалат.