АНГАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГАР (фр. Hangar), учаккана – самолётту, вертолётту коюу, тех. тейлөө ж-а оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл ж-а рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо м-н бирге алардын белен жабдык бөлүктөрү сакталат, тех. тейлөө жумуштары ж-а оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот бетон констр-дан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий констр-дан) А-лар курулат. А. жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба ж. б.), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар ж. б. м-н камсыздалат.