АНАФОРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАФОРА, (гр. anahora, сөзмө сөз – кайталоо) – бир эле элементтин кайра кайра кайталанышына негизделген стилистикалык каражат. Тыбыштык А. бир эле тыбыштын кайталануусу, строфалык (куплеттик) А.болсо ар бир строфанын (куплеттин) башкы тыбышы же морфемасы, сөзү же сабы кайталанып түзүлөт. А. поэзияда гана эмес, прозада да, өзгөчө жорго сөздө арбын учурайт.