АНАРОВ Айтбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАРОВ Айтбай (1904, Ош облусу, Араван району, Ачы айылы – 30.01.1989, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1936-жылга чейин «Ачы», «Комсомол» колхоздорунун башкармасынын төрагасынын орун басары, 1936-жылдан Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун башкармасы. Ал жетектеген колхоз алдынкы чарбага айланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү артып, коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Файл:АНАРОВ 1 71.png