АНАРКУЛОВ Бектур Сүйөркулович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(09.10.1970 ж.т., Бишкек ш.) – травматолог-ортопед, медицина илимдеринин доктору (2014.), профессор (2017.). КММАны бүтүргөн (2003). Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын травматология бѳлүмүндѳ (дарыгер, бѳлүм башчысы) болуп иштеп келе жатат, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун травматология, ортопедия жана медициналык катастрофалар кафедрасынын башчысы (2017). 70 ашык илимий эмгектин автору, илимий 3 монографиянын, 20дан ашык ойлоп табуунун (патент) автору.

Эмг.: Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо / // Б., «Алтын тамга», 2014. – 220 б. Современное лечение переломов длинных костей скелета (в соавт.) Б.: изд-во КРСУ, 2017. – 122 с.