АНАНЬЕВ Николай Яковлевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Николай Яковлевич [19. 11. 1912, Ысык-Көл обл., Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, Волокаламск р-ну, Нелидов кыштагы] – Сов. Союз. Баатыры (1942). 1941-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин Ысык-Көл р-нундагы Сазановка кыш-нда колхозчу болуп иштеген. Фронтто А. 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Полк Москваны немецтик-фашисттик баскынчылардан баатырдык менен коргоого катышкан.

Файл:АНАНЬЕВ 2 68.png

1941-ж. 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир жол разъездин коргоочулардын ичинде атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, курман болгон. А. туулган жер азыр Ананьев кыш. деп аталат.