АНАНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНАС (Ananas)– бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, узундугу 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 2-15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,

Файл:АНАНАС 66.png

Тайвань, Цейлон а-дары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, кислоталар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, ошондой эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. А-тын жалбырагынан баалуу техникалык була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.