АНАНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:20, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Ananas)– бромель тукумундагы көп

жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, уз. 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбы-
ракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салм. 2- 15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,

Файл:АНАНАС 66.png

Тайвань, Цейлон а-дары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, к-талар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, о. эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям ж-а конфет жасалат. А-тын жалбырагынан баалуу тех. була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу м-н көбөйтүүгө болот.