АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР (гр. analogos - окшоштук) – ар башка систематикалык топко  кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону м-н келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз  өөрчүгөн. Мис., сөөктүү ж-а кемирчектүү балыктардын дене ж-а сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.