АНАКОНДАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАКОНДАЛАР (Eumeces) – муунткуч жыландар тукумунун уруусу. 4 түрү бар. Түштүк Американын түндүк жана борбордук бөлүгүндө жашайт. Кадимки учурдагы эң ири чоң жылан (узундугу 11 мге чейин). Ал суу, көл жээктеринде, саздарда, Амазонка дарыясынын алабында, Тринидад жана Тобаго аралдарында кездешет. Сууда мыкты сүзөт, көпкө суу астында болуп, балык, каймандар, куштар, сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Үй жаныбарларына, чанда кишиге кол салат. Кургакчылык мезгилде дарыя нугундагы ылайды оюп кирип, анда жаан мезгили башталганга чейин жатат. Ал учурда активдүүлүгү төмөндөйт. 15-25тен (чанда 40ка чейин) жумуртка тирүү тууйт. Улам саны азаюуда. Айрым зоопарктарда өстүрүлүүдө.