АНАДЫРЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАДЫРЬ – Россиянын түн.-чыгышындагы дарыя. Уз. 1150 км, алабынын аянты 191 миң км2. Анадырь бөксө тоосу жана Анадырь түздүгү аркылуу агат. Анадырь булуңундагы Онемен булуңуна куят. Орт. чыгымы 1680 0 м3/сек. Октябрдан майдын аягына чейин тоңот. Марков кыш-нан тартып кеме жүрөт (570 км). Төмөнкү агымында балык кармалат.