АНА-КЫЗЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 30 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНА-КЫЗЫЛ-- Ош обл-нун Өзгөн р-ндагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 17 км түн.-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км. Деңиз деңг. 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар жана кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.