АНА-КЫЗЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:02, 4 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 key type='misleterated'– Ош обл-нун Өзгөн р-ндагы кыштак. Төрткүл айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 17 км түн.-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км.

Деңиз деңг. 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар ж-а кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.