АМУНДСЕН-СКОТТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:04, 30 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМУНДСЕН-СКОТТ У ю л- АКШнын Түш.геогр. уюлдагы антарктидалык ил. станциясы. Уюл платосунда 2800 м бийиктикте жайгашкан. 1957-ж. январда ачылган. Континенттин ички аймактарына маршрут б-ча жүргүзүлчү изилдөөлөрдүн базасы. Түш. уюлду биринчи ачышкан норвегиялык Р. Амундсен жана англ.Р. Скоттун ысмынан аталган.