АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ – электрдик, мех. ж. б. термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили менен өзгөрүшү. Ал негизинен радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн темп-расын өзгөртөт. Мис., радиоберүүлөрдө үн толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн амплитудасын мезгил-мезгили менен өзгөртүп турат.