АМПЕР-СААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР-СААТ – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 А болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. Ампер-саат эл аралык системада A·h, орусчасы А ·ч кыргызча A ·с деп белгиленет. Ампер-саат менен көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.