АМПЕР-СААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР-СААТ – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 А болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. Ампер-саат эл аралык системада Aᐧh, орусчасы А ᐧч, кыргызча Aᐧс деп белгиленет. Ампер-саат менен көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.