АМПЕР-СААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР-СААТ – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 А болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. Ампер-саат эл аралык системада A-h, орусчасы А-ч, кыргызча AЧс деп белгиленет. Ампер-саат менен көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.