АМПЕЛОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕЛОГРАФИЯ (гр. ampelos – жүзүм жана ...графия) – жүзүмдүн түрү жана сорту жөнүндөгү илим. Сырткы чөйрөнүн жана агротехникалык ыкманын таасиринен жүзүм түрүнүн жана сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүгүн ампелография изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү жана сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну илимий жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү менен сортун туура пайдаланууга, ошондй эле тигил же бул сорт тобунун алынышы ж. б. аныктоого мүмкүндүк берет.