АМПЕЛОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМПЕЛОГРАФИЯ (гр. ampelos – жүзүм ж-а  ...графия) – жүзүмдүн түрү ж-а сорту ж-дөгү илим. Сырткы чөйрөнүн ж-а агротех. ыкманын  таасиринен жүзүм түрүнүн ж-а сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзам ченемдүүлүгүн А. изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү ж-а сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну ил. жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү м-н сортун туура пайдаланууга, о. эле тигил же бул сорт тобунун алынышы ж. б. аныктоого мүмкүндүк берет.