АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү боюнча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо жана башка. Аморфтук заттардын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы жана башка бардык багыттар боюнча бирдей болушат. Аморфтук заттардын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.