АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:08, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү б-ча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо ж. б. А. з-дын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар боюнча бирдей болушат. А. з-дын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.