АМНЕЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМНЕЗИЯ (α... жана mneme – эс, эстөө) – эске тутуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү же такыр жоктугу. Белгилүү мезгилдеги окуяларды, кайгыны такыр эстебей же элдир-селдир эстеп калуу менен мүнөздөлөт. Амнезия көбүнчө мээ ооруларында байкалат.