АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ, (CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор жана азоту бар татаал минералдык жер семирткич. Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу менен алынат. Анда 14% фосфор, 2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш жана татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке караганда аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү, картошка ж. б. техникалык өсүмдүктөрдөн мол түшүм алынарын көрсөттү.