АМИНДӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМИНДӨӨ - түрдүү органикалык бирикмелердеги суутектин же башка элементтин атомун же атомдордун топторун амин тобуна (NH2) алмаштыруу реакциясы. Реакция белгилүү шарттарда аммиактын таасири менен жүрөт. Аминдөө реакциясынан баштапкы заттарга жараша ар кандай бирикмелер алынат. Галогеналкандарды аммиактын спирттеги эритмеси менен ысытканда биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдеринин аралашмасы жана аммонийдин төртүнчүлүк туздары пайда болот. Галогенкарбон кислоталары аммиак менен кошулганда амин кислоталарын, ал эми галогенангидриддер аммиак менен реакцияга кирип амиддерди пайда кылат. Аминдөө реакциясына, ошондой эле спирттер, кетондор, альдегиддер жана башкалар кирет.