АМАНБАЕВ Жумгалбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАНБАЕВ Жумгалбек (02. 02. 1946, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы – 11. 02. 2005, Бишкек шаары) – партиялык жана мамлекеттик ишмер. Айыл чарба илимдеринин кандидаты (1970). 1966-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун бүтүргөн. 1966-жылдан Тянь-Шань мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун аспиранты, улук илимий кызматкер. 1971–1973-жылдары Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясынын директору. 1973–1974-жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы. 1978-жылы Алай райондук партиялык комитеттин 1-секретары, 1981-жылдан Ош облустук партиялык комитетинин секретары, 1985–1988-жылдары Кыргызстан КП БКнын секретары, 1988–1991-жылдары Ысык-Көл облустук партия комитетинин 1-секретары, 1991-жылы Кыргызстан КП БКнын 1-секретары. 1991-жылы октябрдан Кыргыз агрардык өнөр-жай экономикасынын илимий изилдөө институттунун директорунун орун басары, 1993-жылдан КРдин Өкмөтүнүн вице-премьер министри. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.