АМАНАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАНАТ – 1) зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотуугаж. б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, а түгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү; 2)кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. А-ка таасирлүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан. А. жасалгалуу ак үйдө жашоочу. Ошондуктан аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да аташкан. А. 19-к-дын аягында жоюлган, к. «Ак үйлүү».