АМАЛЬГАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар менен кошундусу. Аны бөлмө температурасында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу менен бөлүнүшүнөн ж. б. ыкмалар аркылуу алууга болот. Амальгама металл буюмдарды алтын менен каптоодо, күзгү даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда Амальгама асыл жана айрым сейрек (In, Ga, Ti) металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан Амальгама өтө аз колдонулат.