АМАЛЬГАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:15, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар менен кошундусу. Аны бөлмө темп-расында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу менен бөлүнүшүнөн ж. б. ыкмалар аркылуу алууга болот. А. металл буюмдарды алтын менен каптоодо, күзгү даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда А. асыл жана айрым сейрек (In, Ga, Ti) металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан А. өтө аз колдонулат.