АМАЛЬ НЕФТЬ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМАЛЬ НЕФТЬ КЕНИ – нефтинин дүйнөдөгү эң ири кендеринин бири. Ливиянын түндүк-чыгышында, Сахара-Чыгыш Жер Ортолук деңиз нефть-газ бассейнинде жайгашкан. 1959-жылы ачылып, 1964-жылдан казып алынат. Нефтилүү аймактын аянты 800 км2дей. Нефтинин баштапкы өндүрүп алуу запасы 600 млн т. Нефть Сирт синеклизасынын чегиндеги ири антиклиналдык көтөрүлүүгө топтолгон. Ал кембрий-ордовиктин 3020 м тереңдикте жаткан кумдук тоо тек катмары менен байланышкан. Нефтинин тыгыздыгы 845 кг/м3.