АМАЛЬ НЕФТЬ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АМАЛЬ НЕФТЬ КЕНИ – нефтинин дүйнөдөгү эң ири кендеринин бири. Ливиянын түн.-чыгышында, Сахара-Чыгыш Жер Ортолук деңиз нефть-газ бассейнинде жайгашкан. 1959-ж. ачылып, 1964-жылдан казып алынат. Нефтилүү аймактын аянты 800 км2дей. Нефтинин баштапкы өндүрүп алуу запасы 600 млн т. Нефть Сирт синеклизасынын чегиндеги ири антиклиналдык көтөрүлүүгө топтолгон. Ал кембрий-ордовиктин 3020 м тереңдикте жаткан кумдук тоо тек катмары м-н байланышкан. Нефтинин тыгыздыгы 845 кг/м3.