АЛЯСКИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЯСКИТ (Аляска жарым аралынын атынан) – курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) жана кварцтан (25–55%) турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоо теги. 1900-жылы америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. Аляскит менен сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. Аляскит имараттардын дубалын кооздоодо, каптоочу курулуш материалдары катары пайдаланылат.