АЛЯСКИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЯСКИТ (Аляска жарым аралынын атынан) – курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) ж-а кварцтан (25–55%) турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоо теги. 1900-ж. америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. А. м-н сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. А. имараттардын дубалын кооздоодо, каптоочу курулуш материалдары катары пайдаланылат.