АЛЬТЕРНАТИВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТЕРНАТИВА (фр., alternative, латын alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. Альтернативанын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны боюнча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.