АЛЬТЕРНАТИВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:53, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТЕРНАТИВА (фр., alternative, латын alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. А-нын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны б-ча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.