АЛЬТЕРНАРИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТЕРНАРИОЗ – өсүмдүк илдети. Аны мите козу карын (alternaria) пайда кылат. Картошка, алма, алмурут, барсылдак Aльтернариозу белгилүү. Илдеттүү өсүмдүктү кара так басып, өсүмдүк ткандары акырындык менен солуйт. Ал көбүнчө өсүмдүктүн урук түйүлдүгүндө өөрчүп, үрөн өнбөйт. Ага каршы күрөшүү чаралары: үрөндү химиялык препараттар менен дарылоо, аңызды өсүмдүк калдыгынан арылтуу, которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү.