АЛЬТЕРНАРИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЬТЕРНАРИОЗ – өсүмдүк илдети. Аны мите  козу карын (alternaria) пайда кылат. Картошка, алма, алмурут, барсылдак A-у белгилүү. Илдеттүү өсүмдүктү кара так басып, өсүмдүк ткандары акырындык м-н солуйт. Ал көбүнчө өсүмдүктүн урук түйүлдүгүндө өөрчүп, үрөн өнбөйт. Ага каршы күрөшүү чаралары: үрөндү хим. препараттар м-н дарылоо, аңызды өсүмдүк калдыгынан арылтуу, которуштуруп эгүүнү туура  жүргүзүү.