АЛЬТЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬТЕРАЦИЯ (латынча alteratio - өзгөртөм) м у з ы к а д а – негизги добуш катарына кирген үн баскычтарынын аталышын өзгөртпөстөн алардын бийиктигин жогорулатуу же төмөндөтүү. Альтерация белгилери: # (диез) жарым тонго жогорулатуу, Ь (бемоль) жарым тонго төмөндөтүү, X (дубль-диез) бир тонго жогорулатуу, bb (дубльбемоль) бир тонго төмөндөтүүнү билдирет. Бул белгилерди жоюу үчүн бекар колдонулат.

Файл:Альт.png