АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды-Катта кырка тоосунун чыгыш учунун түштүк капталында, Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында. Узундугу 5,6 км, аянты 3,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4510 м. Абляциясынын аянты 1,2 км. Мөңгү күнгөй бетте жайгашкандыктан эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы мурда ал Көйкап мөңгүсүнүн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.