АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 23 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, ошондой эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар жана башкалар мүнөздүү. Альп рельефи Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай жана башка тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик жанa жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.