АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, ошондой эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар ж. б. мүнөздүү. Альп рельефи Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик жанa жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.