АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, о. эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген
төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар
ж. б. мүнөздүү. А. р. Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик ж-a жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.