АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго,

о. эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсактерсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар ж. б. мүнөздүү. А. р. Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик ж-a жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.