АЛЬП АЛКАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬП АЛКАГЫ негизинен мелүүн жана субтропик кеңдиктеринде жайгашкан тоолордогу табигый бийиктик тилкеси. Анда альп өсүмдүктөрү басымдуу. Альп алкагынын бийиктик абалы географиялык кеңдикке, тоо капталдарынын нымдуулугуна жана экспозициясына жараша болот. Субальп алкагынан жогору жайгашып, бийиктеген сайын тоолордо нивалдык алкакка өтөт. Альп алкагы Альп жана Батыш Кавказ тоолорунда 2200–3000 м, Теңир-Тоодо 3000–3500 м, Гималайдын түштүк капталында 36005000 м бийиктикте жатат. Жайыт катары пайдаланылат.